# КР Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 133 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 133 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8999/edition/858515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 133 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69416

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 19-июлу ПЖ № 133 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 84 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттагы "Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат" деген сөздөр "Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статусту берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

2-пункттун биринчи абзацындагы "Президентинин Указдары менен буйруктарында" деген сөздөр "Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пунктта: экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору менен түзүү каралган мамлекеттик мекемелерге - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты менен макулдашуу боюнча;"; үчүнчү абзацтагы "Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөз менен алмаштырылсын, "жана Комиссиянын тийиштүү корутундусу болгондо" деген сөздөр алып салынсын; 4-пунктта: биринчи абзацтагы "Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү" деген сөздөр алып салынсын; экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын; 5-пункттагы "Комиссиянын" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6-пункттун төртүнчү абзацындагы "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
