# КР Президентинин 2017-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 130 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 130 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8996/edition/853111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 130 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (10.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69413

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 10-июлу ПЖ № 130 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамында:

курамдан Ниязов Ф.А., Скрипкина Г.А., Исакунова Т.Б., Мамытова Л.У., Джаманкулов М.Т., Абдраимов Т.Д., Бекбасаров Р.Б., Мамбеталиева Ж.Ж., СарпашевТ.Д. чыгарылсын; Мадумаров Акрам Камбаралиевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси болуп; Кодуранова Асель Союзбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "КСДП" фракциясы; Эргешов Алмазбек Манасбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" фракциясы; Абдрахматова Атыр Болотбековна - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары; Осмоналиев Кайрат Медербекович - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү; Есеналиев Максатбек Кульчороевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертизалоо жана укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; Ахметов Уран Тулондиевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Догоев Дастан Давлетович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы киргизилсин; экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
