# КР Президентинин 2017-жылдын 22-майындагы ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 22-майындагы ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8995/edition/853109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 22-майындагы ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы (22.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69412

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 22-майы ПЖ № 95 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 27-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасында түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултууга, сатып алууга жана сатууга контролдукту күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-апрелиндеги № 73 "Кыргыз Республикасында бухгалтердик жана финансылык отчеттуулук системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 18-августундагы № 213 "Кыргыз Республикасында түстүү жана кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын жыйноого, сатып алууга, сатып өткөрүүгө жана экспорттоого (реэкспорттоого) мамлекеттик контролду күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-ноябрындагы № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-апрелиндеги "Кыргыз Республикасында бухгалтердик жана финансылык отчеттуулук системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 7-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасында бухгалтердик жана финансылык отчеттуулук системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-апрелиндеги Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 5-февралындагы № 25 "Экономиканы андан ары жөнгө салуу Концепциясы жөнүндө" Жарлыгы;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 2-июлундагы № 330 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 435 "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
