# 7-статья. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин тыюу салынган зонада жоюуга катышкандарга берилүүчү социалдык гарантиялар жана компенсациялар

- Документ: [Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/694)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1196-XII "Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1196-XII
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539); 30.12.2009 [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242); 06.11.2009 [Закон КР от 6 ноября 2009 года № 293 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальной защите граждан Кыргызской Республики, пострадавших вследствие чернобыльской катастрофы"](https://aqlex.ai/kg/doc/203227)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/694#diff=1234749..1234750>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-658/edition/1234739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/694/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө, 7-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-7

---

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 3, 7, 13, 14, 16, 19, 20, 22-24-пункттарында каралган социалдык гарантияларга жана компенсацияларга, ошондой эле төмөнкүлөргө укуктуу болушат:

1) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди аткарууга байланыштуу оорунун же жарат алуунун натыйжасында майып болуп калган адамдар, эмгекке тап-такыр жараксыз болуп калган учурда жумушчуларга жана кызматчыларга алар өздөрүнүн эмгектик жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда аларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу учурлары үчүн мыйзамдарда каралган тартипте аныкталуучу зыяндын ордун толтуртуп алууга;

1-1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөөгө;

2) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөөгө;

3) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;

4) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж экендиги туура деп табылган шартта биринчи кезекте турак жай менен камсыз болууга;

41) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шартта ипотекалык турак-жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;

5) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) өзүмдүк же кооперативдик турак жай куруу үчүн анын 25 процентин жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жоюу менен процентсиз ссуда алууга укуктуу.

6-статьянын 7-пунктунда жана ушул статьянын 11 жана 4-пункттарында каралган социалдык гарантиялар жана компенсациялар Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун курман болгон катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө колдонулат. Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар 6-статьянын 3, 19, 20, 22-24-пункттарында, ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган социалдык гарантияларды жана компенсацияларды алуу укугуна ээ болушат, ошондой эле:

1) жыл сайын кезектеги акы төлөнүүчү отпусканы өздөрүнө ыңгайлуу мезгилде пайдаланууга;

1-1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөөгө;

2) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;

3) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4) коммуналдык квартираларда жашаган, турак жай шартын жакшыртууга муктаж болгон граждандарды ээлеп турган турак жай аянтынын өлчөмүнө карабастан кезекке коюуга;

5) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышуучунун ушул Мыйзам тарабынан белгиленген социалдык гарантияларга жана компенсацияларга болгон укугун ырастоочу документтер болуп саналган ырастамалар жана төш белгилери берилет. Күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берүү Кыргыз Республикасынын министерстволору жана ведомстволору, аскер комиссариаттары жана социалдык жактан коргоо органдары тарабынан берилет. Кызмат адамдары аталган күбөлүктөрдү толтуруунун жана берүүнүн тууралыгы үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат. (КР 1998-жылдын 31-октябрындагы № 137, 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-8)
