# 6-статья. Келип чыккан майыптыгынын себеби Чернобылдагы кыйроонун натыйжасына байланыштуу экендиги аныкталган, нурлануу оорусуна чалдыккан жана аны баштан кечирген адамдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык гарантиялар жана компенсациялар

- Документ: [Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/694)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1196-XII "Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1196-XII
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539); 30.12.2009 [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242); 06.11.2009 [Закон КР от 6 ноября 2009 года № 293 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальной защите граждан Кыргызской Республики, пострадавших вследствие чернобыльской катастрофы"](https://aqlex.ai/kg/doc/203227); 31.07.2007 [Закон КР от 31 июля 2007 года № 118 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О социальной защите граждан Кыргызской Республики, пострадавших вследствие чернобыльской катастрофы"](https://aqlex.ai/kg/doc/202170); 27.01.2006 [Закон КР от 27 января 2006 года №29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальной защите граждан Кыргызской Республики, пострадавших вследствие Чернобыльской катастрофы"](https://aqlex.ai/kg/doc/1817); 21.08.2004 [Закон КР от 21 августа 2004 года № 162 " О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О социальной защите граждан Кыргызской Республики, пострадавших вследствие чернобыльской катастрофы"](https://aqlex.ai/kg/doc/1562)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/694#diff=1234749..1234750>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-658/edition/1234739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/694/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө, 6-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-6

---

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар:

1) Кыргыз Республикасынын граждандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз текшерүүгө жана медициналык жардам көрсөтүүгө (станционарда жана амбулатордук);

11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө;

2) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;

3) тынымсыз эмгек стажына карабастан убактылуу эмгекке жараксыз болуп калган учурда эмгек акысынын 100 процент өлчөмүндө пособие алууга;

4) иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар убактылуу эмгекке жарамсыз болуп калган учурда удаасы менен 4 айга чейин же календарлык жылда 5 айга чейин пособие төлөтүп алууга;

5) турак жай шартын жакшыртууга муктаж экендиги туура деп табылган учурда арыз берген күндөн тартып жыл ичинде турак жай менен камсыз болууга, ошондой эле өзгөчө бөлмө түрүндө кошумча турак жай аянтын алууга;

5-1) алар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шартта ипотекалык социалдык турак жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;

6) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) өздөрү ээлеп турган мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондусунун үйлөрүн жеке менчикке акысыз алууга;

8) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9) 5 жылда бир жолу медициналык көрсөткүчтөрү боюнча ары-бери жүрүүнүн жекече каражаты болгон майыптардын кресло-коляскасы менен акысыз камсыз кылуу;

10) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой жашаган адамдардын үйлөрүндө социалдык жардам көрсөтүү;

11) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

12) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13) жыл сайын берилүүчү кезектеги акы төлөнүүчү отпусканы өзүнө ыңгайлуу мезгилде алууга, ошондой эле жыл сайын узактыгы 14 календарлык күнгө созулган акы төлөнүүчү кошумча отпуска алууга;

14) биринчи кезекте телефон койдурууга;

15) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

16) турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканаларында биринчи кезекте тейленүүгө, транспорт каражаттарын биркнчи кезекте техникалык жактан тейлетүүгө жана оңдотууга, коомдук-тамак-аш, турак жай-коммуналдык чарба мекемелеринде, байланыш жана шаарлар аралык транспорттон биринчи кезекте пайдаланууга;

17) өзүмдүк же коммуналдык турак жай куруу үчүн процентсиз ссуда алууга, анын 50 проценти жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жоюлат;

18) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

19) дарылоо-профилактикалык мекемелерде жана дарыканаларда биринчи кезекте тейленүүгө;

20) пенсияга чыкканда жана жумуш ордун которгондо пенсияга чыкканга же жумуш ордун которгонго чейин өздөрү бекиген эмканалардан пайдаланууга;

21) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

22) ведомстволук таандык болгондугуна карабастан мектепке чейинки балдар мекемелеринен, дарылоо жана санаториялык типтеги адистештирилген балдар мекемелеринен, ден соолукту чыңдоо лагерлеринен жана башка ден соолукту чыңдоо мекемелеринен балдары үчүн кезексиз орун алууга;

23) өзүмдүк турак жай куруу үчүн жер участокторун биринчи кезекте алууга;

24) улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жатак үйлөрдөн орундарды алууда артыкчылык укугунан пайдаланууга;

25) көмөкчү же фермердик чарбаны уюштуруу үчүн 25 эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүндө процентсиз ссуда алууга укуктуу. Аталган ссуданы берүүдөн банктар тарткан зыяндардын орду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын зсебинен компенсацияланат.

26) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Ушул статьянын 11, 14, 16, 17, 22-24-пункттарында каралган социалдык гарантиялар жана компенсациялар Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын натыйжасында курман болгон жарандардын, келип чыккан майыптыгынын себеби Чернобылдагы кыйроонун натыйжасына байланыштуу экендиги аныкталган, нурлануу оорусуна чалдыккан жана аны баштан кечирген адамдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө таркатылат. (КР 1998-жылдын 31-октябрындагы № 137, 2004-жылдын 21-августундагы № 162, 2006-жылдын 27-январындагы № 29, 2007-жылдын 31-июлундагы № 118, 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-7)
