# 3-статья. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен жарандардын тарткан зыяндарынын ордун толтурууга, социалдык гарантияларды жана компенсацияларды алууга болгон укугу

- Документ: [Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/694)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1196-XII "Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1196-XII
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/694#diff=1234747..1234748>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-658/edition/1234739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/694/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө, 3-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-3

---

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын граждандары Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун натыйжасында өздөрүнүн саламаттыгына келтирилген зыян үчүн, ошондой эле аталган кыйроонун натыйжасында жол берилүүчү деңгээлден жогору болгон радиоактивдүү булганууга дуушар болгон аймакта жашагандыгынын жана иштегендигинин натыйжасында радиация алуу коркунучуна дуушар болгондугу үчүн социалдык гарантияларды жана акчалай компенсацияларды алууга укуктуу. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан жана республиканын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар өздөрүнүн саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык гарантияларды жана компенсацияларды алууга укуктуу. Ушул статьяда белгиленген граждандардын укуктарын жүзөгө ашыруу мамлекет тарабынан гарантияланат.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-4)
