# 12-статья. Балдарды жана өспүрүмдөрдү социалдык жактан коргоо, медициналык жактан тейлөө жана ден соолугун чыңдоо

- Документ: [Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/694)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1196-XII "Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1196-XII
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539); 30.12.2009 [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242); 06.11.2009 [Закон КР от 6 ноября 2009 года № 293 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальной защите граждан Кыргызской Республики, пострадавших вследствие чернобыльской катастрофы"](https://aqlex.ai/kg/doc/203227)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/694#diff=1234749..1234750>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-658/edition/1234739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/694/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө, 12-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-12

---

Тыюу салынган зоналардан, көчүрүү зонасынан жана көчүүгө укук берилген жашоо зонасынан эвакуацияланган жана Кыргыз Республикасына көчүрүлгөн 18 жашка чейинки курактагы балдарга жана өспүрүмдөргө, анын ичинде эвакуация болгон күнү энесинин боюндагы балдарга, ошондой эле ата-энелеринин радиоактивдүү нурлануусунун генетикалык кесепеттери тийиши мүмкүн экендиги менен шартталган тукум кууган оорулар орун алган учурда ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөн граждандардын биринчи жана эки кийинки муундардагы балдарына кошумча социалдык гарантиялар жана компенсациялар берилет:

1) аталган балдарга жана өспүрүмдөргө:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө;

- (Абзац КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (Абзац КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- кан жаратуучу органдар (курч кармаган лейкоз), ички бездер оорусу (аденома, рак), зыяндуу шишиктер менен ооруп калган учурда балдар жана өспүрүмдөр ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган жеңилдиктерге укуктуу болушат;

- (Абзац КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларына бюджеттик бөлүмдөргө кирүүгө артыкчылык (башкалары бирдей шартта) берилет;

2) 14 жашка чейинки курактагы балдардын ата-энелерине:

- бул жөлөкпулду алуу үчүн зарыл болгон үзгүлтүксүз эмгек стажынын бар-жогуна карабастан, оорулуу баланы баккандыгы үчүн иш жүзүндө иштеп тапкан эмгек акысынын (ата-энесинин бирине) 100 пайыз өлчөмүндө эмгекке жарамсыздык баракчасы төлөнүп берилет;

- ата-энесинин бири баласы дарылоо мекемесинде дарыланган бүткүл мезгилдин ичинде (врачтардын сунушу боюнча) аны менен чогуу болот жана эмгекке жарамсыздык баракчасы төлөнүп берилет.

Бала дарыланып жаткан учурда ата-энеси баласы аны менен чогуу боло албаган учурда ушул статьянын 2-пунктунун аракети баланы баккан башка адамга жайылтылат. Ушул статьяда көрсөтүлгөн балдарды жана өспүрүмдөрдү медициналык жактан тейлөөнүн жана ден соолугун чыңдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, коомдук уюмдардын катышуусу менен аныкталат. (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-13)
