# 11-статья. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга медициналык жардамды жана радиациялык жактан коргоону уюштуруу

- Документ: [Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/694)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1196-XII "Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1196-XII
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539); 06.11.2009 [Закон КР от 6 ноября 2009 года № 293 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальной защите граждан Кыргызской Республики, пострадавших вследствие чернобыльской катастрофы"](https://aqlex.ai/kg/doc/203227)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/694#diff=1234749..1234750>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-658/edition/1234739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/694/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө, 11-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-11

---

Ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөн адамдар өмүр бою милдеттүү түрдө адистештирилген медициналык байкоодон (диспансеризациядан) өтүшөт. Аларды жеке эсепке алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык каттоосу түзүлөт. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга медициналык жардам көрсөтүү жана аларга диспансердик байкоо жүргүзүү алар жашаган же иштеген жердеги саламаттык сактоо мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул адамдарды адистештирилген медициналык тейлөө саламаттык сактоо мекемелери тарабынан камсыз кылынат, алардын тизмесин, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүүнүн жана диспансеризациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга Чернобыль АЭСиндеги аварияга байланыштуу ооруп калган же майып болгон себептерин аныктоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш жана аскердик-врачтык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Аталган эксперттик кеңештин жана аскердик-врачтык комиссиялардын чечимдерине канааттанбаган адамдар соттук тартипте ишти кайрадан кароо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/694/st-12)
