11-статья. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга медициналык жардамды жана радиациялык жактан коргоону уюштуруу
Күчүндө · 09.03.2023 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55
11-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 11-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөн адамдар өмүр бою милдеттүү түрдө адистештирилген медициналык байкоодон (диспансеризациядан) өтүшөт. Аларды жеке эсепке алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык каттоосу түзүлөт. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга медициналык жардам көрсөтүү жана аларга диспансердик байкоо жүргүзүү алар жашаган же иштеген жердеги саламаттык сактоо мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул адамдарды адистештирилген медициналык тейлөө саламаттык сактоо мекемелери тарабынан камсыз кылынат, алардын тизмесин, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүүнүн жана диспансеризациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга Чернобыль АЭСиндеги аварияга байланыштуу ооруп калган же майып болгон себептерин аныктоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш жана аскердик-врачтык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Аталган эксперттик кеңештин жана аскердик-врачтык комиссиялардын чечимдерине канааттанбаган адамдар соттук тартипте ишти кайрадан кароо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 ноября 2009 года № 293 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальной защите граждан Кыргызской Республики, пострадавших вследствие чернобыльской катастрофы"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/694/st-11" title="11-статья - Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>