# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы ПЖ № 124 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны дайындоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы ПЖ № 124 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны дайындоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8973/edition/1062604/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы ПЖ № 124 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны дайындоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы (02.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69389

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 174 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2017-жылдын 27-июну ПЖ № 124 Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Президентинин 2019-жылдын 22-майындагы ПЖ № 69, 2020-жылдын 1-февралындагы ПЖ № 11, 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Шыктуу жаштарды колдоо, алардын чыгармачыл эмгектерине жана демилгелерине баа берүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Президентинин 2019-жылдын 22-майындагы ПЖ № 69 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2020-жылдын 29-августундагы ПЖ № 168 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 30-июнунда № 77 жарыяланды

Президент

А. Атамбаев

2-тиркеме Баалоо системасы (КР Президентинин 2019-жылдын 22-майындагы ПЖ № 69 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

№

Баалоо критерийлери

Баллдар

1

Жетишкендиги

40ка чейин

2

Эл аралык же республикалык олимпиадалардын, конкурстардын, мелдештердин ж.б. байге ээси

10го чейин

3

Изилдөөчүлүк иш (долбоор, презентация)

10го чейин

4

Илимий эл аралык, республикалык же ведомстволук мезгилдүү басылмаларга жарыялоолор

10го чейин

5

Студенттин (курсанттын) илимий-изилдөөчүлүк ишинин натыйжаларын башка жарыялоолору

10го чейин

6

Тилдерди билүүсү

10го чейин

7

Билим берүү мекемелеринин коомдук, маданий жана спорттук турмушуна активдүү катышуусу

10го чейин

Жыйынтыгы:

100
