# КР Президентинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 81 "Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 81 "Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8959/edition/1125137/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 81 "Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69375

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 20-апрели ПЖ № 81

Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун улуттук жана дүйнөлүк маданият менен адабиятка кошкон зор салымын эске алып, ошондой эле анын 2018-жылы боло турган туулган күнүнүн 90 жылдыгына байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- 2 айлык мөөнөттө Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл финансы каражаттарын бөлүүнү кароо.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
