Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 59 «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 27-марты ПЖ № 59 Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешине, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешине, Кызыл-Туу айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешине, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешине, Ысык-Көл районунун Бостери, Кара-Ой айылдык кеңештерине, Тоң районунун Улахол айылдык кеңешине, Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешине, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Жоош айылдык кеңештерине, Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешине, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешине, Жайыл районунун Полтавка, Красновосточный айылдык кеңештерине, Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңешине, Москва районунун Александровка айылдык кеңешине, Сокулук районунун Орок, Новопавловка айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2017-жылдын 28-майына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;
- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Баткен облусунун Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак райондорунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң райондорунун, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Сокулук райондорунун, Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын башчылары шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (14)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 131 "2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак…Постановление · 05.06.2017 · № 131
- КР щайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 135 "2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык…Постановление · 05.06.2017 · № 135
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борборжук комиссиясынын 2017-жылдын 5-июну № 136 "2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык…Постановление · 05.06.2017 · № 136
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү оюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 80 "2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад…Постановление · 06.04.2017 · № 80
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-майындагы № 111 "2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 10.05.2017 · № 111
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-июнундагы № 127 "2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 02.06.2017 · № 127
- КР шайлоо жана рнферендум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 5-июнундагы №130 "2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 05.06.2017 · № 130
- Кр шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 133 "2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун айрым жергиликтүү…Постановление · 05.06.2017 · № 133
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 134 "2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 05.06.2017 · № 134
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июнунагы № 143 "2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 13.06.2017 · № 143
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 29-мартындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого…Постановление · 29.03.2017 · № 76
- КР БШКнын 2017-жылдын 29-мартындагы № 75 "2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча…Постановление · 29.03.2017 · № 75
- КР шайлоо жана референдум ө ткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 6 апрелиндеги "2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 06.04.2017 · № 81
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон