# КР Президентинин 2017-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69309>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8894/edition/830338/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69309.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (13.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69309

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 20-февралы ПЖ № 35 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Ниязов Фарид Абилезимович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы;

Сариева Эльвира Кубанычбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Молдобекова Гүлкан Сакиновна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Казаков Түгөлбай Токтогулович

\-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Кудайбердиева Гульмира Каримовна

\-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Кармышаков Улукбек Тойчуевич

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Супаналиев Бекжан Торобаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы.".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 105 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
