# КР Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы ПЖ № 42 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы ПЖ № 42 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69302>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8887/edition/871398/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69302.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы ПЖ № 42 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы (06.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69302

---

КР Президентинин 2018-жылдын 11-майындагы ПЖ № 118 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК (КР Президентинин 2017-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 134, 2017-жылдын 30-августундагы ПЖ № 194 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) 2017-жылдын 6-марты ПЖ № 42 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала карап чыгуу үчүн ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы;

Мамасадыков Рустам Алайбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын лидери;

Апилов Эрнист Мыктыбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;

Омокеев Айбек Талгатбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;

Омурзаков Сүйүнбек Абдылдаевич

\-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;

Сарымсаков Манас Болотович

\-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Догоев Дастан Давлетович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Асанбаев Алмазбек Жолчуевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары.

(КР Президентинин 2017-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 134, 2017-жылдын 30-августундагы ПЖ № 194 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 18-декабрындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 18-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы № 230 Жарлыгы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
