# КР Президентинин 2016-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ № 281 "Кыргыз Республикасынын "Курманжан Датка" ордени жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2016-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ № 281 "Кыргыз Республикасынын "Курманжан Датка" ордени жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 281
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8847/edition/1087408/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2016-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ № 281 "Кыргыз Республикасынын "Курманжан Датка" ордени жөнүндө" Жарлыгы (27.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69259

---

КР Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 164 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 26-ноябры ПЖ № 281 Кыргыз Республикасынын "Курманжан Датка" ордени жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясын жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын "Курманжан Датка" орденинин статуту, үлгүсү жана сыпатталышы 1-2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-финансылык маселелерди чечсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 2-декабрында № 107 жарыяланды

Президент

А.Атамбаев

1-тиркеме "Курманжан Датка" орденинин СТАТУТУ

1. "Курманжан Датка" ордени менен коомдук-саясий иште өзгөчө көрүнүктүү сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, Кыргызстан элинин каада-салттарын чыңдоого, өсүп келе жаткан муунду өз Мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланат.

2. "Курманжан Датка" ордени менен чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар сыйланышы мүмкүн.

3. "Курманжан Датка" ордени көкүрөктүн сол жагына "Манас" орденинен кийин тагылат.

2-тиркеме "Курманжан Датка" орденинин СЫПАТТАЛЫШЫ

"Курманжан Датка" ордени туура жети бурчтуу күмүш пластинага түшүрүлгөн жети бурчтуу жылдыз. Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтындын буусу менен капталып, жылдыздын учтарында алтын шариктер болот. Ордендин ортосунда улуттук оюусу бар алкак менен жээктелген, сыртына капталган тегеректе, - түстүү эмалдан жасалган көгүлтүр асмандын фонунда Курманжан Датканын рельефтик сүрөтү бар. Курманжан Датканын силуэти сыртынан капталып, алтындан жасалат. Алкактын төмөн жагында "Курманжан Датка" деген жазуу бар. Улуттук оюу жана "Курманжан Датка" деген жазуу дөмпөйтүлүп, алтындын буусу менен капталат жана түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылат. Улуттук оюу жана цирконий таштары менен кооздолгон жети бурчтуу күмүш пластина ордендин негизи болот. Пластинанын учтарынын аралыгында алтындын буусу менен капталган жети шоола чыгып турат. Алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыздын диаметри 60 мм, сыртына капталган тегеректики 34 мм. "Курманжан Датка" орденинин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө ордендин катар номери чегилет, төөнөгүч түрүндөгү таккычы бар.

"Курманжан Датка" орденинин ЭСКИЗИ Масштабы 2:1

(Графикалык көчүрмөнү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивинде сакталат.)
