Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 281 «Кыргыз Республикасынын „Курманжан Датка“ ордени жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 27 ноября 2019 года УП № 164 "Об утверждении описаний особого знака "Ак Шумкар", орденов, медалей, нагрудных знаков к почетным званиям и Почетной грамоте Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-11-27.
КР Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 164 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 26-ноябры ПЖ № 281 Кыргыз Республикасынын "Курманжан Датка" ордени жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясын жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын "Курманжан Датка" орденинин статуту, үлгүсү жана сыпатталышы 1-2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-финансылык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 2-декабрында № 107 жарыяланды
Президент
А.Атамбаев
1-тиркеме "Курманжан Датка" орденинин СТАТУТУ
1. "Курманжан Датка" ордени менен коомдук-саясий иште өзгөчө көрүнүктүү сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, Кыргызстан элинин каада-салттарын чыңдоого, өсүп келе жаткан муунду өз Мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланат.
2. "Курманжан Датка" ордени менен чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар сыйланышы мүмкүн.
3. "Курманжан Датка" ордени көкүрөктүн сол жагына "Манас" орденинен кийин тагылат.
2-тиркеме "Курманжан Датка" орденинин СЫПАТТАЛЫШЫ
"Курманжан Датка" ордени туура жети бурчтуу күмүш пластинага түшүрүлгөн жети бурчтуу жылдыз. Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтындын буусу менен капталып, жылдыздын учтарында алтын шариктер болот. Ордендин ортосунда улуттук оюусу бар алкак менен жээктелген, сыртына капталган тегеректе, - түстүү эмалдан жасалган көгүлтүр асмандын фонунда Курманжан Датканын рельефтик сүрөтү бар. Курманжан Датканын силуэти сыртынан капталып, алтындан жасалат. Алкактын төмөн жагында "Курманжан Датка" деген жазуу бар. Улуттук оюу жана "Курманжан Датка" деген жазуу дөмпөйтүлүп, алтындын буусу менен капталат жана түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылат. Улуттук оюу жана цирконий таштары менен кооздолгон жети бурчтуу күмүш пластина ордендин негизи болот. Пластинанын учтарынын аралыгында алтындын буусу менен капталган жети шоола чыгып турат. Алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыздын диаметри 60 мм, сыртына капталган тегеректики 34 мм. "Курманжан Датка" орденинин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө ордендин катар номери чегилет, төөнөгүч түрүндөгү таккычы бар.
"Курманжан Датка" орденинин ЭСКИЗИ Масштабы 2:1
(Графикалык көчүрмөнү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивинде сакталат.)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана…Указ · 27.11.2019 · № 164 · Күчүн жоготкон
- О государственных наградах Кыргызской РеспубликиЗакон · 06.07.1996 · № 37 · Күчүн жоготкон