# КР Президентинин 2016-жылдын 4-ноябрындагы ПЖ № 237 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2016-жылдын 4-ноябрындагы ПЖ № 237 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8810/edition/746615/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2016-жылдын 4-ноябрындагы ПЖ № 237 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (04.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69221

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 4-ноябры ПЖ № 237 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Нарын облусунун Нарын шаардык, Нарын, Жумгал жана Кочкор райондук сотторунун, Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас райондук сотторунун жана Талас шаардык сотунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук жана Каракол шаардык сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 3-ноябрынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Абылкасымова Гулнара Абдымыктаровна; Айдаралиева Венера Калмуратовна; Ахунов Токтогул Букарбекович; Жеңишбек уулу Жолдошбек; Жунусов Сапарбек Токонович; Калдыбаев Руслан Джаныбекович; Калматов Ниязбек Курманбекович; Кермалиев Нурмухамбет Байысбекович; Мамбеталиев Эркинбек Болотбекович; Сейдакмат кызы Назира; Ташматов Узак Таалайбекович; Токтобаев Айбек Болотович; Турсункулов Бообек Шамалбекович; Турусбеков Акылбек Джусупбекович; Шаршенбиева Айнура Турарбековна; Шатманов Дуйшенкул Жээнбекович; Эсенгулова Асел Токтакуновна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
