Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 237 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 4-ноябры ПЖ № 237 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Нарын облусунун Нарын шаардык, Нарын, Жумгал жана Кочкор райондук сотторунун, Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас райондук сотторунун жана Талас шаардык сотунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук жана Каракол шаардык сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 3-ноябрынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Абылкасымова Гулнара Абдымыктаровна; Айдаралиева Венера Калмуратовна; Ахунов Токтогул Букарбекович; Жеңишбек уулу Жолдошбек; Жунусов Сапарбек Токонович; Калдыбаев Руслан Джаныбекович; Калматов Ниязбек Курманбекович; Кермалиев Нурмухамбет Байысбекович; Мамбеталиев Эркинбек Болотбекович; Сейдакмат кызы Назира; Ташматов Узак Таалайбекович; Токтобаев Айбек Болотович; Турсункулов Бообек Шамалбекович; Турусбеков Акылбек Джусупбекович; Шаршенбиева Айнура Турарбековна; Шатманов Дуйшенкул Жээнбекович; Эсенгулова Асел Токтакуновна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон