# КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 229 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 229 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 229
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8804/edition/746575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 229 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы (26.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69215

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 26-октябры ПЖ № 229 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү жөнүндө Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП), "Кыргызстан", Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата-Мекен" парламенттик фракциялары 2015-жылдын 2-ноябрында түзгөн фракциялардын коалициясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, 84-беренесинин 2 жана 7-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына 2016-жылдын 17-ноябрынан кечиктирбестен парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын кароону жана бекитүүнү, түзүмүн жана курамын аныктоону камсыз кылуу сунушталсын.

2. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка фракцияларына парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн түзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөрдү эске алуу сунушталсын:

1) мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын башкы милдеттери болуп мамлекеттүүлүктү жана демократиялык институттарды мындан ары чыңдоо, элдин биримдигин жана өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу, экономиканы жана социалдык чөйрөнү, маданиятты жана искусствону өнүктүрүү, 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын башка максаттарына жетишүү, ошондой эле узак мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу эсептелет;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынын ал түзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара натыйжалуу иштөөсүнө жетишүү зарыл.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
