# КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8803/edition/746573/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" Жарлыгы (26.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69214

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 26-октябры ПЖ № 228 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө КСДП, "Кыргызстан", Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Мекен" депутаттык фракцияларынын ортосундагы 2015-жылдын 2-ноябрындагы коалициялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн фракциялардын коалициясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө расмий жарыялангандыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. КСДП, "Кыргызстан", Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Мекен" фракцияларынын ортосундагы 2015-жылдын 2-ноябрындагы коалициялык макулдашуусуна ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле административдик ведомстволорунун жетекчилеринин кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин милдеттерин аткарууну Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү жана административдик ведомстволордун жетекчилери дайындалган күнгө чейин улантышсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
