# КР Президентинин 2016-жылдын 3-октябрындагы ПЖ № 204 "Н.А.Ботобаев жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2016-жылдын 3-октябрындагы ПЖ № 204 "Н.А.Ботобаев жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 204
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8784/edition/746534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2016-жылдын 3-октябрындагы ПЖ № 204 "Н.А.Ботобаев жөнүндө" Жарлыгы (03.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69195

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 3-октябры ПЖ № 204

Н.А.Ботобаев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Н.А.Ботобаевге карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26 жана 28-беренелерине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ботобаев Нурмамат Айдарбекович Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
