# КР Президентинин 2016-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2016-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8733/edition/830327/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2016-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө" Жарлыгы (17.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69144

---

КР Президентинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы ПЖ № 272 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 10-июну ПЖ № 139 Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө жана ротациялоонун зарылдыгына байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 95 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 21-октябрындагы № 182 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

Тиркеме Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин КУРАМЫ

Атамбаев Алмазбек Шаршенович

\-

Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;

Турсунбеков Чыныбай Акунович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (макулдашуу боюнча);

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

\-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Токбаева Айнаш Абдымановна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Өмүркулов Иса Шейшенкулович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "КСДП" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Бабанов Өмүрбек Токтогулович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Исаев Канат Кедейканович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Төрөбаев Бакыт Эргешевич

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бир бол" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Текебаев Өмүрбек Чиркешович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Мекен" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Ниязов Фарид Абилезимович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;

Панкратов Олег Михайлович

\-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Кудайбердиева Гульмира Каримовна

\-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Джумакадыров Темир Курмангазиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы;

Джолдубаева Индира Ырысбаевна

\-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

Касымалиев Адылбек Алешович

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кожошев Арзыбек Орозбекович

\-

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Кадыралиев Айбек Джумабаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Улуттук кеңештин катчысы;

Борцова Светлана Валерьевна

\-

экология боюнча көз карандысыз эксперт, "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Усупбекова Айнура Максатбековна

\-

"Жарандык Платформа" коомдук фондусунун директору (макулдашуу боюнча);

Юлдашева Азиза Узгеновна

\-

"Жер Азыгы" Кыргызстандын Агробизнесмендеринин Ассоциациясынын (КАА) аткаруучу директору;

Койчуманов Таалайбек Джумашевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;

Ускенбаева Гүльнара Тураровна

\-

Жеткирүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Руслан Акматбек

\-

"ЖИА бизнес ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
