Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 58 «Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 7 декабря 2022 года УП № 388 "Об утверждении Положения о порядке регистрации проверок субъектов предпринимательства, проводимых правоохранительными органами и органами налоговой службы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-12-07.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ №388 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК
2016-жылдын 15-марты ПЖ № 58 Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн болтурбоо, аларды укуктук коргоону күчөтүү, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү, укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин болушуна каршы күрөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте мамлекеттик башка органдарды тартуу менен укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишин негизсиз текшерүүлөрдөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ишкердик субъекттерин системалуу укуктук коргоо моделин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана салык органдарынын ишине киргизсин, мында төмөнкүлөр алдын ала каралсын:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү, анын ичинде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жана изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдардын алкагында укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүүчү текшерүүлөр, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн алкагында укук коргоо органдарынын жана салык мыйзамдарынын алкагында салык органдарынын ишкердик субъекттеринин ишин текшерүүлөр текшерүү жөнүндө алардын актылары прокуратура органдарында катталгандан кийин гана жүргүзүлөт;
- прокуратура органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү жөнүндө укук коргоо жана салык органдарынын актыларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте каттайт жана эсепке алат;
- текшерилүүчү ишкердик субъекттери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кайра байланыштын формалары прокуратура органдарына каттоосуз текшерүүлөрдү өткөрүүгө тез чара көрүүгө жана ага бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ишкердик субъекттерин системалуу укуктук коргоо моделин мыйзам менен бекитүүгө чейин текшерүүлөрдү каттоонун жол-жоболорунун максималдуу түрдө ачык-айкындыгынын жана оперативдүүлүгүнүн механизмин, алдыңкы технологияларды киргизүүнү, анын ичинде текшерүүлөрдү каттоонун электрондук формасын, текшерүүлөр жөнүндө маалыматты интернетке жарыялоону киргизүүнү караган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкердик субъекттеринин ишин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүсүн каттоонун убактылуу эрежелерин эки айлык мөөнөттө бекитүү тууралуу маселени карап чыксын;
- башка зарыл чараларды, анын ичинде ушул Жарлыктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы мыйзамдарда белгиленген тартипте укук коргоо жана салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтсүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерди бузууга жол берген адамдарга толук чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнө жана финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 388 "Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү…Указ · 07.12.2022 · № 388
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 199 "Салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 11.04.2016 · № 199
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 443-VI "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2015-жыл үчүн отчёту жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2016 · № 443-VI
- КР Жогорку Кеӊешинин 2017-жылдын 6-апрели № 1480-VI "2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчёту жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2017 · № 1480-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 2426-VI "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2017-жыл үчүн отчету жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2018 · № 2426-VI
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 154 (Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын түзүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 04.04.2016 · № 154 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июлундагы № 417 "Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан…Постановление · 27.07.2016 · № 417 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июлундагы № 417 токтомуПостановление · 27.07.2016 · № 417
Шилтеме берет (2)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2021-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 61 "Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.03.2021 · № 61
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон