# КР Президентинин 2016-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 57 "Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Президентинин 2016-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 57 "Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69071>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8660/edition/1171510/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69071.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2016-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 57 "Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69071

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2016-жылдын 14-марты ПЖ № 57 Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештерине, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине, Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 15-майына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн жана Араван райондорунун, Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
