# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69049>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-8638/edition/696145/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69049.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (24.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69049

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2015-жылдын 1-октябры ПЖ № 188 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбула "муниципалдык кызматчыларды" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик ишканалардын тармактык (корпоративдик) жетекчилерин" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын уставында:

2-пункт "мамлекеттик органдарды" деген сөздөрдөн кийин ", уюмдарды" деген сөз менен толукталсын; 10-пункттун 1-пунктчасы "муниципалдык кызматчыларды" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик ишканалардын тармактык (корпоративдик) жетекчилерин" деген сөздөр менен толукталсын; 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "13. Академиянын түзүмүнө: Камкорчулук кеңеши, ректорат, Администрациялоонун жана башкаруунун жогорку курстары, Администрациялоонун жогорку мектеби, Мамлекеттик башкаруунун өнүгүүсүн изилдөө институту, Билим берүү жана илим департаменти, Академиянын иш башкармасы, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму, Академияга караштуу "Ак Толкун" мамлекеттик ишканасы кирет.";

- 21-пункттагы "проректорлору" деген сөз "Академиянын проректору жана проректор рангындагы Администрациялоонун жогорку мектебинин директору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 23-пункттун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8) Академиянын, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун профессордук-окутуучулук курамын конкурстук тандоо өткөрүүнүн маселелерин кароо жана профессордук-окутуучулук курамынын кызмат орундарын ээлөөгө конкурсту белгиленген тартипте өткөрүү жөнүндө отчетторду угуу;";

- 25-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Камкорчулук кеңешинин курамы ректордун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери компетенциясына кирген түзүмдүк бөлүмүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, Академиянын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйругу менен бекитилет.";

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкаруу түзүмү ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

Тиркеме "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ТҮЗҮМҮ
