Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 188 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы „Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 24 ноября 2025 года УП № 327 "Об Академии государственного управления при Президенте Кыргызской Республики имени Жусупа Абдрахманова"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-24.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2015-жылдын 1-октябры ПЖ № 188 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула "муниципалдык кызматчыларды" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик ишканалардын тармактык (корпоративдик) жетекчилерин" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын уставында:
2-пункт "мамлекеттик органдарды" деген сөздөрдөн кийин ", уюмдарды" деген сөз менен толукталсын; 10-пункттун 1-пунктчасы "муниципалдык кызматчыларды" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик ишканалардын тармактык (корпоративдик) жетекчилерин" деген сөздөр менен толукталсын; 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "13. Академиянын түзүмүнө: Камкорчулук кеңеши, ректорат, Администрациялоонун жана башкаруунун жогорку курстары, Администрациялоонун жогорку мектеби, Мамлекеттик башкаруунун өнүгүүсүн изилдөө институту, Билим берүү жана илим департаменти, Академиянын иш башкармасы, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму, Академияга караштуу "Ак Толкун" мамлекеттик ишканасы кирет.";
- 21-пункттагы "проректорлору" деген сөз "Академиянын проректору жана проректор рангындагы Администрациялоонун жогорку мектебинин директору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пункттун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8) Академиянын, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун профессордук-окутуучулук курамын конкурстук тандоо өткөрүүнүн маселелерин кароо жана профессордук-окутуучулук курамынын кызмат орундарын ээлөөгө конкурсту белгиленген тартипте өткөрүү жөнүндө отчетторду угуу;";
- 25-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Камкорчулук кеңешинин курамы ректордун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери компетенциясына кирген түзүмдүк бөлүмүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, Академиянын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйругу менен бекитилет.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкаруу түзүмү ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Тиркеме "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ТҮЗҮМҮ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы…Указ · 24.11.2025 · № 327
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Уставы(КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы №206 Жарлыгы менен бекитилген)Устав · 26.09.2012 · № 206 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ №206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.09.2012 · № 206 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы…Указ · 24.11.2025 · № 327
- КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ №206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.09.2012 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон