Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 259 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 28-ноябры ПЖ № 259 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Чүй облусунун Сокулук, Панфилов райондук сотторунун жана Токмок шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды, ошондой эле Чүй облусунун Жайыл, Москва жана Аламүдүн райондук сотторунун, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча жаңы сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2015-жылдын 2-декабрынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
- Абдрахманов Канатбек Казакбаевич;
- Абдиева Жыпар Курманбековна;
- Аджибеков Нурлан Нурмамбетович;
- Астаркулов Данияр Шаршенбекович;
- Байсов Кылыч Таштанбекович;
- Кангельдиева Сулайка Салморбековна;
- Касымалиев Бакыт Мукамбетович;
- Керимкулова Айгүл Карыпкуловна;
- Кувандыкова Наргиза Тураровна;
- Моңолбаев Жаныбек Васирович;
- Сагитова Зульфия Каиргельдиевна;
- Сагыналиев Жаныбек Нурбекович;
- Самудинов Кубанычбек Бердибекович;
- Саткынбаев Рустам Шайлобекович;
- Тагаев Тилек Мамедович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон