# 61-статья. Пенсионер каза болгон учурда пенсияларды жана пособиелерди төлөө

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.03.2016 [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298); 11.08.2004 [Закон КР от 11 августа 2004 года № 112 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании" и Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/1511); 08.05.1996 [619](https://aqlex.ai/kg/doc/619)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809976..809977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 61-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-61

---

Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон пенсионерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү болгон жана анын каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсиялардын суммасы мурастын курамына киргизилбейт жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия менен камсыз кылынуучу адамдардын чөйрөсүнө таандык кылынуучу анын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнүп берилет. Бирок анын ата-энеси жана жубайы, ошондой эле анын ал өлгөн күнгө карата пенсионер менен бирге жашап турган үй-бүлө мүчөлөрү бул суммаларды, эгерде алар баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия менен камсыз кылынуучу адамдардын чөйрөсүнө кирбесе, алууга укуктуу болушат. Үй-бүлөнүн бир нече мүчөсү кайрылган учурда аларга тиешелүү болгон пенсиянын суммасы алардын ортосунда тепе-тең бөлүштүрүлөт. Жогоруда аталган суммалар, эгерде пенсионер өлгөндөн кийин 6 ай өткөндөн кечиктирилбестен кайрылганда төлөнүп берилет. Пенсионер өлгөн учурда көмүлгөндөн кийин анын үй-бүлөсүнө кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган пенсиянын базалык бөлүгүнүн он эселенген өлчөмүндө көмүү пособиеси төлөнөт. Бул жөлөкпул төлөө доосунун эскиргендиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет. Эгерде пенсионерди анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешеси жок адамдар көмсө, аларга пособие көмүүгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдарынан ашпаган суммада пособиенин көрсөтүлгөн өлчөмүнүн чегинде төлөнүп берилет. Иштебеген пенсионерлерге анын үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда аны көмүүгө пособие Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө төлөнүп берилет. (КР 1996-жылдын 8-майындагы № 13, 2004-жылдын 11-августундагы № 112, 2005-жылдын 4-июлу № 92, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-60)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-62)
