60-статья. Пенсиялардан кармап калуу
Күчүндө · 14.06.2017 редакциясы
Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө дайындалган пенсиялардан кармап калуу "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Мында офицердик курамдагы адамдардын прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон пенсионерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө алар тараптан кыянаттык менен пайдалануунун негизинде артыкбаш төлөнгөн пенсиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министерствосунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын пенсиялык органдарынын чечимдеринин негизинде кармалып алынат. (КР 2005-жылдын 3-январындагы № 1, 2005-жылдын 30-июлундагы № 116, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
60-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" МыйзамыРедакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2005 года № 116 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 января 2005 года №1 " О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/690/st-60" title="60-статья - Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>