Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
57-статья. Жатак үйлөрдө жашап жаткан пенсионерлерге пенсияларды төлөө
Күчүндө · 14.06.2017 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 марта 2016 года № 19
Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашап жаткан аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон жалгыз бой пенсионерлерге пенсия менен жатак үйлөрдө (пансионатта) багуунун наркынын ортосундагы айырма төлөнүп берилет, бирок ал дайындалган пенсиянын 25 процентинен жана ай сайын берилүүчү эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 процентинен кем болбоого тийиш: Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашап жаткан пенсионерлердин багуусунда эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия менен камсыз кылынуучу адамдар болгон учурда ага пенсия төмөндөгүдөй өлчөмдө төлөнөт: пенсиянын 25 проценти, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 проценттен кем эмеси пенсионердин өзүнө, ал эми пенсиянын калган бөлүгү, бирок дайындалган өлчөмдүн 50 проценттен ашпаган бөлүгү анын үй-бүлөсүнүн аталган мүчөлөрүнө төлөнөт. Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон пенсионерлер, кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашаган мезгилде аларга дайындалган пенсиянын 10 проценти, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 процентинен кем эмес өлчөмдө пенсия төлөнөт. Алардын пенсияларынын өлчөмү жатак үйлөрдө (пансионатта) багуунун наркынан ашып кеткен учурда аларга пенсия менен багуу наркынын ортосундагы айырма төлөнөт, бирок ал дайындалган пенсиянын 10 процентинен жана эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 процентинен кем болбоого тийиш. (КР 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/690/st-57" title="57-статья - Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>