# 52-статья. Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.03.2016 [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298); 29.05.1998 [Закон КР от 29 мая 1998 года №69 "О внесении и изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/77)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809976..809977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 52-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-52

---

Ушул Мыйзамга ылайык пенсиялар:

а) мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине - эгерде МСЭК тарабынан майыптыгы аныкталганга жана пенсия алууга кайрылганга чейин госпиталдан чыккан же аскердик кызматтан бошонгон күндөн тартып, 3 айдан ашык эмес убакыт өтсө, госпиталдан чыккан күндөн тартып, бирок аскердик кызматтан бошотулган күндөн эрте эмес, ал эми мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин жана ушул кызматкерлеринин ичинен болгон пенсионерлердин үй-бүлөлөрүнө баккан адамынын каза болгон күнүнөн же пенсия алууга укугу пайда болгон күндөн тартып, бирок пенсия алуу үчүн кайрылардын алдында кеминде 6 айдын ичинде дайындалат, жашоо каражаттарынын булагынын жок болгондугуна байланыштуу пенсия алуу укугуна ээ болгон аталган аскер кызматкерлеринин жана пенсионерлердин ата-энесине же жубайына пенсия алар пенсия алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат;

б) офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын кызматкерлерине, салык полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга кызматтан бошонгон күндөн тартып, бирок акчалай каражат алган күндөн эрте эмес, ал эми аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, башкаруучу жана катардагы курамдагы адамдардын жана пенсионерлердин үй-бүлөлөрүнө баккан адамы каза болгон күндөн тартып, бирок ага чейин акча каражаты же пенсия ага төлөнгөн күндөн эрте эмес дайындалат, бул аларга пенсиялар кыйла кийинки мөөнөттөрдө дайындалган төмөндөгү учурлардан башка учурларда колдонулат:

кызматтан бошонгон күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин же болбосо бошонгондон кийин кырсыктын же оорунун натыйжасында майып деп табылган көрсөтүлгөн аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, башкаруучу жана катардагы курамдагы адамдарга - майыптыгы аныкталган күндөн тартып, ал эми эркинен ажыратууга соттолгондорго - эркинен ажыратуу жайларынан кайтып келгенден кийин пенсия алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат; баккан адамы каза болгондон кийин пенсия алууга укуктуу болгон аталган аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, башкаруучу жана катардагы курамдагы адамдардын жана алардын ичинен болгон пенсионерлерди үй-бүлө мүчөлөрүнө - пенсия алуу укугу пайда болгон күндөн тартып, ал эми жашоо каражатынын булагын жоготкондугуна байланыштуу пенсия, алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат. Пенсия алуу үчүн өз убагында кайрылбаган учурда өткөн мезгил үчүн пенсия ал пайда болгон күндөн тартып, бирок пенсия үчүн кайрылгандан 12 айдан ашпаган мөөнөткө дайындалат. (КР 1998-жылдын 29-майындагы № 69, 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-51)  
Кийинки берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-53)
