51-статья. Пенсияларды дайындоочу жана пенсияларды дайындоо жөнүндө документтерди кароонун мөөнөтүн белгилөөчү органдар
Күчүндө · 14.06.2017 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 марта 2016 года № 19
Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрү тарабынан, ал эми офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсиялар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министерствосунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын пенсиялык органдары тарабынан дайындалат. Пенсияларды дайындоо жөнүндө документтер пенсияларды дайындоочу органдар тарабынан алар келип түшкөн көп күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен каралат. (КР 1998-жылдын 29-майындагы № 69, 2005-жылдын 3-январындагы № 1, 2005-жылдын 30-июлундагы № 116, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" МыйзамыРедакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2005 года № 116 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 января 2005 года №1 " О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 мая 1998 года №69 "О внесении и изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/690/st-51" title="51-статья - Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>