# 49-статья. Пенсиялардын өлчөмдөрүнө райондук коэффициенттерди колдонуу

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.03.2016 [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298); 29.05.1998 [Закон КР от 29 мая 1998 года №69 "О внесении и изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/77); 08.05.1996 [619](https://aqlex.ai/kg/doc/619)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809976..809977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 49-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-49

---

Жумушчулардын жана кызматчылардын эмгек акысына райондук коэффициенттер белгиленген райондордо жашаган офицердик курамдагы адамдардын, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон пенсионерлердин, алардын үй-бүлөлөрүнүн ушул Мыйзамга ылайык дайындалуучу пенсиялары, (анын ичинде эң төмөнкү өлчөмдөгү) алар бул райондордо жашаган мезгилде белгиленген тиешелүү райондук коэффициенти колдонуу менен эсептелип чыгарылат. Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин ичинен болгон пенсионерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсиялар алар жумушчулардын жана кызматчылардын эмгек акысына райондук коэффициенттер белгиленген райондордо жашаган мезгилде "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте эсептелип чыгарылат. (КР 1996-жылдын 8-майындагы № 13, 1998-жылдын 29-майындагы № 69, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VI Пенсияларды дайындоо

---

Мурунку берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-48)  
Кийинки берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-50)
