# 45-статья. Пенсияларды эсептеп чыгаруу үчүн эмгек акы (акчалай каражат)

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809976..809977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 45-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-45

---

Ушул Мыйзамга ылайык мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө дайындалуучу пенсиялар белгиленген нормалар боюнча аскер кызматкерлери аскер кызматына чакырылганга чейин же аскер кызматынан бошотулгандан кийин пенсия алуу үчүн кайрылганга чейин алган орточо айлык эмгек акысынан же болбосо аскер кызматкери аскер кызматын өтөгөн мезгилдерде контракт боюнча алган орточо айлык акча каражатына карата проценттик белгиленген нормаларда эсептелип чыгарылат. Мында аларга пенсия эсептеп чыгаруу үчүн орточо айлык эмгек акы (акчалай каражат) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аныкталат. Аскердик кызматка чакырылганга чейин жана аскердик кызматтан бошогондон кийин иштебеген, аскер кызматында контракт боюнча кызмат өтөбөгөн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө ушул Мыйзамдын тиешелүү түрдө 23 жана 39-статьяларында каралган эң төмөнкү өлчөмдөгү пенсиялар дайындалат. Офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын кызматкерлерине, салык полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсиялар бул аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, башкаруучу жана катардагы курамдагы адамдардын акчалай каражаттарынан эсептелип чыгарылат. Мында аларга пенсияларды эсептөө үчүн тиешелүү кызматы боюнча, аскердик же атайын наамы боюнча берилүүчү маяналар, пайлык акчалар жана көп жыл иштегендиги үчүн - (үзгүлтүксүз иштегендиги үчүн) проценттик кошумча төлөөлөр эске алынган тиешелүү маяналар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана өлчөмдөрдө эске алынат. (КР 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" Токтому

---

Мурунку берене: [44-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-44-1)  
Кийинки берене: [45-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-45-1)
