# 38-статья. Пенсиялардын өлчөмү

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809976..809977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 38-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-38

---

Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:

а) мурдагы СССРди, КМШны жана Кыргыз Республикасын коргоодо же аскердик кызматтын (кызматтык милдеттерди) башка милдеттерин аткаруу учурунда жаракат, контузия же жарат алуунун натыйжасында, же болбосо фронтто болгондугуна байланыштуу, Чернобыль АЭСиндеги жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердин кыйроосунун кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштерди аткаруунун натыйжасында, же согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө интернационалдык милдетин аткарууга байланыштуу каза болгон аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрүнө үй-бүлөсүнүн ар бир эмгекке жарамсыз мүчөсүнө багуучунун иштеп тапканынын 40 проценти өлчөмүндө пенсия дайындалат. Согуштун майыбы, Чернобыль АЭСиндеги жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердин кыйроосунун кесепеттерин жоюуга катышкан каза болгон пенсионерлердин үй-бүлөлөрүнө жана курамында ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар (тоголок жетимдер) болгон үй-бүлөлөргө баккан адамынын өлүмүнүн себебине карабастан ушундай эле өлчөмдө пенсия дайындалат.

б) аскердик кызматтын милдеттерин (кызматтык милдеттерди) аткаруу менен байланышпаган кырсыктын натыйжасында жаракат алуунун, же фронтто же согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө интернационалдык милдетин аткаруу менен байланышпаган оорунун натыйжасында каза болгон аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрүнө үй-бүлөсүнүн ар бир эмгекке жарамсыз мүчөсүнө багуучунун иштеп тапканынын 30 проценти өлчөмүндө пенсия дайындалат.

(КР 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-39)
