# 32-статья. Пенсия алууга укуктуу үй-бүлө мүчөлөрү

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/202123)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/202123); 29.12.2002 [Закон КР от 29 декабря 2002 года №166 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/1123); 08.05.1996 [619](https://aqlex.ai/kg/doc/619)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809970..809971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 32-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-32

---

Каза болгон (курман болгон) аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын багуусунда болгон эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болушат. Багуучунун багуусунда болгон-болбогондугуна карабастан пенсия: эгерде алар баккан адамы каза болгондон кийин жашоого болгон каражат булактарынан ажырап калышса эмгекке жарамсыз балдарына, эмгекке жарамсыз ата-энелерине жана жубайына; фронтто, Чернобыль АЭСиндеги жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердеги кыйроонун натыйжасында же болбосо согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө интернационалдык милдетин аткаруу учурунда курман болгон аскер кызматкерлеринин эмгекке, жарамсыз ата-энелерине жана аялдарына баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия дайындалат. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укугун аныктоодо үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрү деп:

а) 16 жашка толо элек балдары, бир туугандары, карындаштары жана неберелери же 18 жашка толо элек кезде майып болуп калган андан жогорку курактагылар, күндүзгү окуу формасы боюнча окуган билим берүү уюмдарынын окуучулары окуу мөөнөтүн аяктаганга чейин, бирок 23 жаштан ашпаган курак эсептелет. Мында эмгекке жарамдуу ата-энелери жок бир туугандары, карындаштары жана неберелери пенсия алууга укуктуу болушат;

б) эгерде атасы пенсиялык куракка - 60 жашка толо элек болсо, энеси жана аялы 55 жашка толо элек болсо же болбосо майып болушса;

в) курагына жана эмгекке жарамдуулугуна карабастан жубайы же ата-энесинин бири же болбосо чоң атасы, чоң энеси, иниси же карындашы каза болгон багуучунун 8 жашка толо элек баласын, бир тууганын, карындашын же небересин багып жатса жана иштебесе;

г) мыйзам боюнча жогорудагыларды багуу милдети болуп эсептелген адамдар жок болгон учурда чоң атасы жана чоң энеси үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөсү деп эсептелишет.

(КР 1996-жылдын 8-майындагы № 13, 2002-жылдын 29-декабрындагы № 166, 2007-жылдын 25-июнундагы № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-31-1)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-33)
