31-1-статья. Майыптардын айрым категорияларына бир жолу берилүүчү компенсациялар
Күчүндө · 14.06.2017 редакциясы
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик (согуштук) аракеттердин мезгилинде алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун айынан майып болуп калган аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар:
а) офицердик курамдагы адамдар;
- I топтогу майыптар - 15 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- II топтогу майыптар - 10 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- III топтогу майыптар - 5 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
б) контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курамдын адамдары;
- I топтогу майыптар - 30 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- II топтогу майыптар - 20 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- III топтогу майыптар - 10 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
в) чакыруу боюнча анык мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн старшиналар, сержанттар жана катардагы курамдын адамдары;
- I топтогу майыптар - 150 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- II топтогу майыптар - 120 эсе акчалай кызмат акы өлчөмүндөгү;
- III топтогу майыптар - 80 эсе өлчөмүндөгү бир жолу берилүүчү акчалай кызмат акы компенсациясын алууга укуктуу.
Майыптык боюнча бир жолу берилүүчү компенсация Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөп берилет. (КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 45, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/690/st-31-1" title="31-1-статья - Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>