# 3-статья. Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү менен бирдей пенсия алууга укугу бар адамдар

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июля 2005 года № 102 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/1700)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.07.2005 [Закон КР от 12 июля 2005 года № 102 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/1700); 29.05.1998 [Закон КР от 29 мая 1998 года №69 "О внесении и изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/77)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809965..809966>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 3-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-3

---

Ушул Мыйзам тарабынан мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө белгиленген пенсия менен камсыз кылуунун шарттары, нормалары жана тартиби (эгерде башкача белгиленбесе):

а) партизандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө (ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөндөрдөн башка);

б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тиешелүү категориядагы жумушчуларга жана кызматчыларга, Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде согуш аракеттери жүргөн райондордо (фронтко чукул темир жол участокторунда, коргонуу чектеринин, аскер-деңиз базаларынын, аэродромдордун жана башкалардын курулушунда) иштегендерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө;

в) жок кылуу батальондорунун, элди коргоо взводдорунун жана отряддарынын курамында болгон граждандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө;

г) окуу же атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөргө жана алардын үй-бүлөлөрүнө;

д) мамлекеттик социалдык камсыздандырууга жатпаган аскерлештирилген кайтаруунун кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө да тиешелүү түрдө колдонулат.

(КР 1998-жылдын 29-майындагы № 69, 2005-жылдын 12-июлундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-4)
