# 28-статья. Майыптыгы боюнча пенсияларды дайындоонун жана төлөөнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.03.2016 [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298); 16.10.2002 [Закон КР от 16 октября 2002 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809976..809977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 28-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-28

---

Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын майыптыгы боюнча пенсиялары МСЭК тарабынан белгиленген бүткүл мезгилге дайындалат, ал эми 60 жаштан ашкан майып эркектерге жана 55 жаштан ашкан майып аялдарга пенсиялар өмүрү өткөнчө дайындалат, алардын майыптыгын күбөлөндүрүү алардын өздөрүнүн арызы боюнча гана жүргүзүлөт. Пенсиялык куракка жетпеген пенсионер эмгекке жарамсыз деп табылган учурда анын пенсиясы ал эмгекке жарамсыз деп табылган айдын акырына чейин, бирок майыптыгы белгиленген күнгө чейин гана төлөнөт. (КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-29)
