# 27-статья. Согуштун катышуучуларына, башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышкан адамдарга, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги жана граждандык же аскердик багыттагы башка атомдук объектилердеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкан адамдарга майыптыгы боюнча пенсияларды көбөйтүү

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.03.2016 [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298); 05.12.2003 [Закон КР от 5 декабря 2003 года №229 "Внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих "](https://aqlex.ai/kg/doc/1360); 29.05.1998 [Закон КР от 29 мая 1998 года №69 "О внесении и изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/77); 08.05.1996 [619](https://aqlex.ai/kg/doc/619)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809976..809977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 27-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-27

---

Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы согушка катышуучу болуп эсептелген адамдарга, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышкан, Улуу Ата Мекендик согуштун убагында чек ара бөлүктөрүндө, анын ичинде Жол катнаш эл комиссариатынын атайын түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн адамдарга пенсиялар эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 процент өлчөмүндө жогорулатылат. Чернобыль АЭСинин жана граждандык же аскердик багыттагы башка атомдук объектилердин кыйроосунун кесепеттерин жоюуга катышкан ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы аскер кызматкерлерине пенсиясы эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө жогорулатылат. (КР 1996-жылдын 8-майындагы № 13, 1998-жылдын 29-майындагы № 69, 2003-жылдын 5-декабрындагы № 229 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-28)
