# 26-статья. Майыптыгы боюнча пенсияга кошумча төлөөлөр

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июня 2017 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/111612)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.06.2017 [Закон КР от 14 июня 2017 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/111612); 05.03.2016 [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298); 19.03.2008 [Закон КР от 19 марта 2008 года № 26 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/202236); 12.02.2004 [Закон КР от 12 февраля 2004 года № 12 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/1397); 29.12.2002 [Закон КР от 29 декабря 2002 года №166 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/1123); 29.05.1998 [Закон КР от 29 мая 1998 года №69 "О внесении и изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/77); 08.05.1996 [619](https://aqlex.ai/kg/doc/619)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809977..809978>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 26-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-26

---

Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга майыптыгы боюнча дайындалуучу пенсияларга (анын ичинде тиешелүү эң төмөнкү өлчөмдө эсептелип чыгарылган) төмөндөгүдөй кошумча төлөөлөр чегерилет:

а) 1930-50-жылдарда саясий шылтоолор менен репрессияланган, уголовный жоопкерчиликке негизсиз тартылган жана кийин реаблитацияланган граждандардын пенсиясы жашы боюнча минималдуу пенсиянын 100 процентине көбөйтүлөт;

б) башка адамдын багуусуна муктаж болгон согуштун I топтогу майыптарына, Чернобылдагы кыйроонун жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердин кыйроосуна байланыштуу I топтогу майып деп табылгандарга; Чернобылдагы кыйроонун жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердин кыйроосуна байланыштуу II топтогу майып болуп калган жалгыз бой майыптарга жана согуштун жалгыз бой майыптарына - аларды багуу үчүн эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 проценти өлчөмүндө, ал эми башка адамдын багуусуна муктаж болгон I топтогу майыптарга, жана топтогу жалгыз бой майыптарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө кошумча төлөөлөр чегерилет;

в) азиз болуп калган I топтогу майыптарга - эсептик көрсөткүчтүн 150 процент өлчөмүндө;

г) "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" же "СССРдин ардактуу донору" деген төш белгиси менен сыйлангандардын эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө жогорулатылат.

д) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге - эсептик көрсөткүчтүн 1000 процент өлчөмүндө.

Ушул статьяда каралган кошумча төлөөлөр бир эле учурда кошуп төлөнүшү мүмкүн. Ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык дайындалган Улуу Ата мекендик согуштун майыптары болуп саналган жана аларга теңештирилген адамдарга, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына, анын ичинде интернационалдык милдетин аткарган, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына, Чернобыль АЭСиндеги жана башка граждандык же аскердик багыттагы атом объекттериндеги кыйроолордун кесепеттерин жоюуга катышкан аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, финансы полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга майыптыгы боюнча пенсиясына айына 300 сом өлчөмүндөгү кошумча төлөө белгиленет. (КР 1996-жылдын 8-майындагы № 13, 1998-жылдын 29-майындагы № 69, 2002-жылдын 29-декабрындагы № 166, 2004-жылдын 12-февралындагы № 12, 2008-жылдын 19-мартындагы № 26, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19, 2017-жылдын 14-июнундагы № 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-27)
