26-статья. Майыптыгы боюнча пенсияга кошумча төлөөлөр
Күчүндө · 14.06.2017 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 июня 2017 года № 101
Аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга майыптыгы боюнча дайындалуучу пенсияларга (анын ичинде тиешелүү эң төмөнкү өлчөмдө эсептелип чыгарылган) төмөндөгүдөй кошумча төлөөлөр чегерилет:
а) 1930-50-жылдарда саясий шылтоолор менен репрессияланган, уголовный жоопкерчиликке негизсиз тартылган жана кийин реаблитацияланган граждандардын пенсиясы жашы боюнча минималдуу пенсиянын 100 процентине көбөйтүлөт;
б) башка адамдын багуусуна муктаж болгон согуштун I топтогу майыптарына, Чернобылдагы кыйроонун жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердин кыйроосуна байланыштуу I топтогу майып деп табылгандарга; Чернобылдагы кыйроонун жана граждандык же аскердик арналыштагы башка атомдук объектилердин кыйроосуна байланыштуу II топтогу майып болуп калган жалгыз бой майыптарга жана согуштун жалгыз бой майыптарына - аларды багуу үчүн эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 проценти өлчөмүндө, ал эми башка адамдын багуусуна муктаж болгон I топтогу майыптарга, жана топтогу жалгыз бой майыптарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө кошумча төлөөлөр чегерилет;
в) азиз болуп калган I топтогу майыптарга - эсептик көрсөткүчтүн 150 процент өлчөмүндө;
г) "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" же "СССРдин ардактуу донору" деген төш белгиси менен сыйлангандардын эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө жогорулатылат.
д) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге - эсептик көрсөткүчтүн 1000 процент өлчөмүндө.
Ушул статьяда каралган кошумча төлөөлөр бир эле учурда кошуп төлөнүшү мүмкүн. Ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык дайындалган Улуу Ата мекендик согуштун майыптары болуп саналган жана аларга теңештирилген адамдарга, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына, анын ичинде интернационалдык милдетин аткарган, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына, Чернобыль АЭСиндеги жана башка граждандык же аскердик багыттагы атом объекттериндеги кыйроолордун кесепеттерин жоюуга катышкан аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, финансы полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга майыптыгы боюнча пенсиясына айына 300 сом өлчөмүндөгү кошумча төлөө белгиленет. (КР 1996-жылдын 8-майындагы № 13, 1998-жылдын 29-майындагы № 69, 2002-жылдын 29-декабрындагы № 166, 2004-жылдын 12-февралындагы № 12, 2008-жылдын 19-мартындагы № 26, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19, 2017-жылдын 14-июнундагы № 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 июня 2017 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" МыйзамыРедакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 марта 2008 года № 26 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2004 года № 12 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 декабря 2002 года №166 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 мая 1998 года №69 "О внесении и изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
- 619Редакцияларды салыштыруу
14.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө жогорулатылат.
кошулду: д) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге - эсептик көрсөткүчтүн 1000 процент өлчөмүндө.
Ушул статьяда каралган кошумча төлөөлөр бир эле учурда кошуп төлөнүшү … № 12, 2008-жылдын 19-мартындагы № 26, 2016-жылдын 5-мартындагы № алынып салынды: 19 кошулду: 19, 2017-жылдын 14-июнундагы № 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/690/st-26" title="26-статья - Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>