# 25-статья. Майыптыгы боюнча пенсияларды курагы боюнча же көп жыл иштегендиги боюнча пенсиялардын өлчөмүндө дайындоо

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.03.2016 [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298); 29.05.1998 [Закон КР от 29 мая 1998 года №69 "О внесении и изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/77)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809976..809977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 25-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-25

---

Аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарынын ичинен болгон I жана II топтогу, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн (анын ичинде жеңилдик берүүчү шарттарда) зарыл болгон камсыздандыруу стажысы бар майыптарга майыптыгы боюнча пенсия ушул Мыйзамда тиешелүү иш стажысы үчүн каралган курагы боюнча пенсиянын өлчөмүндө дайындалышы мүмкүн. Офицердик курамдагы адамдардын, прапорщиктердин мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон I жана II топтогу майыптар көп жыл иштегендиги үчүн пенсия дайындоо үчүн зарыл болгондой кызмат өтөсө, майыптыгы боюнча пенсия аларга тиешелүү жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн берилүүчү пенсиянын өлчөмүндө дайындалышы мүмкүн (13-статьянын "а" пункту). (КР 1998-жылдын 29-майындагы № 69, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-26)
