21-статья. Майып болуунун себептери
Күчүндө · 14.06.2017 редакциясы
Майып болгондугунун себебине жараша аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт;
а) согуштун майыптары - мурдагы СССРди, КМЫны, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскердик кызматтын башка милдеттерин (кызматтык милдеттер) аткарууда, же болбосо фронтто болгондугуна байланыштуу, Чернобыль АЭСиндеги, башка граждандык жана аскердик багыттагы атомдук объектилердеги кыйроолордун кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштерди аткаруунун натыйжасында ооруп калгандыгына же согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө интернационалдык милдетин аткарууга байланыштуу жараат, контузия же мандемдүү болуунун натыйжасында майып болуп калгандар;
б) аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен аскердик кызматтын милдеттери (кызматтык милдеттерин) аткаруу менен байланышпаган кырсыктын натыйжасында алынган жаракаттын, же болбосо фронтто болгондугуна, Чернобыль АЭСиндеги, башка граждандык жана аскердик арналыштагы атомдук объектилердеги кыйроолордун кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштерди аткаруу же согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан өлкөлөрдө интернационалдык милдетин аткарууга байланышпаган оорунун натыйжасында майып болуп калган башка майыптар болуп бөлүнөт.
(КР 1998-жылдын 29-майындагы № 69, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" МыйзамыРедакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 мая 1998 года №69 "О внесении и изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/690/st-21" title="21-статья - Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>