17-статья. Көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсияга кошумча төлөөлөр
Күчүндө · 14.06.2017 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 июня 2017 года № 101
Офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын кызматкерлерине, салык полициясынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга дайындалуучу көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсияларга (анын ичинде эң төмөнкү өлчөмдө эсептелип чыгарылган) төмөндөгүдөй кошумча төлөөлөр чегерилет;
а) 1930-50-жылдарда саясий шылтоолор менен репрессияланган, уголовный жоопкерчиликке негизсиз тартылган жана кийин реаблитацияланган граждандардын пенсиясы жашы боюнча минималдуу пенсиянын 100 процентине көбөйтүлөт;
б) "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" же "СССРдин ардактуу донору" деген төш белгиси менен сыйланган адамдарга биринчи топтогу майып болуп эсептелген пенсионерлерге (16-статьянын биринчи бөлүгүндө каралган пенсиясын жогорулатууга укуктуу болгондордон башка), ошондой эле 80 жашка толгон пенсионерлерге аларды багуу үчүн эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 проценти өлчөмүндө кошумча төлөөлөр чегерилет;
в) азиз болуп калган I топтогу майыптарга - эсептик көрсөткүчтүн 150 процент өлчөмүндө (16-статьянын биринчи бөлүгүндө каралган пенсиясын жогорулатууга укуктуулардан башкалары).
г) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге - эсептик көрсөткүчтүн 1000 процент өлчөмүндө.
Ушул статьяда каралган үстөктөр бир эле мезгилде эсептелиши мүмкүн. (КР 1996-жылдын 8-майындагы № 13, 1998-жылдын 29-майындагы № 69, 2008-жылдын 19-мартындагы № 26, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19, 2017-жылдын 14-июнундагы № 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 июня 2017 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" МыйзамыРедакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 марта 2008 года № 26 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 мая 1998 года №69 "О внесении и изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"Редакцияларды салыштыруу
- 619Редакцияларды салыштыруу
14.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бөлүгүндө каралган пенсиясын жогорулатууга укуктуулардан башкалары).
кошулду: г) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге - эсептик көрсөткүчтүн 1000 процент өлчөмүндө.
Ушул статьяда каралган үстөктөр бир эле мезгилде эсептелиши … № 69, 2008-жылдын 19-мартындагы № 26, 2016-жылдын 5-мартындагы № алынып салынды: 19 кошулду: 19, 2017-жылдын 14-июнундагы № 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/690/st-17" title="17-статья - Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>