# 14-статья. Пенсиялардын өлчөмдөрү

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809976..809977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 14-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-14

---

Көп кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсиялар төмөнкү өлчөмдөрдө дайындалат:

а) 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга (13-статьянын "а" пункту): 20 жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн - акчалай каражаттардын тиешелүү суммасынын 55 проценти, ал эми курагына же оорусуна байланыштуу отставкага кеткендерге 60 проценти (45-статья); 20 жылдан ашык кызмат өтөгөн ар бир жыл үчүн акчалай каражаттардын тиешелүү суммасынын 3 проценти, бирок бардыгы бул суммалардын 80 процентинен ашык болбоого тийиш;

б) жалпы камсыздандыруу стажы бар офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга: эркектердики - 25, аялдардыкы 20 календардык жыл жана андан ашык болгон, алардын ичинен кеминде 12 жыл жана 6 айын (эркектер) жана 10 жылын (аялдар) атайын наам ыйгарылган учурдан тартып аскердик кызмат же прокуратура, ички иштер органдарындагы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматындагы, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги жана органдарындагы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, каржы полициясындагы, атайын байланыш кызматындагы кызматты түзгөн (13-берененин "б" пункту): жалпы камсыздандыруу стажы эркектерге 25 жыл үчүн, аялдарга 20 жыл үчүн - 55 процент жана эркектерге 25 жылдан жана аялдарга 20 жылдан ашык стаждын ар бир жыл үчүн акчалай каражаттын тиешелүү суммаларынын 1 проценти (45-статья).

(КР 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-15)
