# 13-статья. Пенсияларды дайындоонун шарттары

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809976..809977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 13-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-13

---

Көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсияга төмөнкүлөр укуктуу:

а) кызматтан бошотулган күнгө карата аскер кызматында же прокуратура, ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарында, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында, каржы полициясында, атайын байланыш кызматында 20 жыл же андан ашык кызмат өтөгөн офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;

"б) курагы, оорусу, штаттардын кыскарышы же ден соолугунун абалынын чектелгендиги боюнча кызматтан бошотулган офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар жана кызматтан бошотулган күнгө карата:

- 25 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажы бар, анын кеминде 12 жыл жана 6 айын аскер кызматы же прокуратура, ички иштер органдарындагы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматындагы, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги жана органдарындагы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, каржы полициясындагы, атайын байланыш кызматындагы кызматты түзгөн 50 жаш курагындагы эркектер;

- 20 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажы бар, анын кеминде 10 жылын атайын наам берилген учурдан тартып аскер кызматы же прокуратура, ички иштер органдарындагы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматындагы, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги жана органдарындагы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, каржы полициясындагы, атайын байланыш кызматындагы кызматты түзгөн 45 жаш курагындагы аялдар пенсия алууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-14)
