# 1-статья. Пенсия менен камсыз кылуунун түрлөрү

- Документ: [Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/690)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1194-XII " Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1194
- Кабыл алынган күнү: 07.05.1993
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.03.2016 [Закон КР от 5 марта 2016 года № 19 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О пенсионном обеспечении военнослужащих")" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/111298); 12.07.2005 [Закон КР от 12 июля 2005 года № 102 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/1700)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/690#diff=809976..809977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-654/edition/809949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/690/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө, 1-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-1

---

Офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар, мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга алынбоочу жетекчи жана катардагы курамдагы адамдары - ушул Мыйзам менен белгиленген аскердик кызматта, прокуратура, ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарында, финансылык полициянын жана атайын байланыш кызматынын органдарында иштеген жылдары болгон учурда иштеген жылдары үчүн өмүр бою пенсия алууга укуктуу. Ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда майып болуп калган аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар майыптыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болушат. Аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар курман болгон же каза болгон учурда алардын үй-бүлөлөрү баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болушат. (КР 2005-жылдын 12-июлундагы № 102, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/690/st-2)
