# 5-статья. Баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик фондусу

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/69)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-майындагы № 61 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 14.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 87 "О драгоценных металлах и драгоценных камнях"](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-58/edition/1180771/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 5-статья (05.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик фондусу мамлекеттин гана менчиги болуп саналат жана Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайда болот.

2. Мамлекеттик фонд республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен сатылып алынган, ошондой эле конфискацияланган, мурастык укук боюнча мамлекетке өткөн ээсиз, казыналардын тутумунда болгон жана археологиялык казууларды жүргүзүүдө табылган баалуу металлдардан, асыл таштардан, зергердик буюмдардан түзүлөт.

3. Мамлекеттик фондуга сатылып алынган баалуулуктарды баалоонун, кабыл алуунун, берүүнүн, эсептешүүнүн жана сатуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/69/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/69/st-6)
