# 4-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/69)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-майындагы № 61 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 14.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 87 "О драгоценных металлах и драгоценных камнях"](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 мая 2015 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О драгоценных металлах и драгоценных камнях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111164)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.05.2015 [Закон КР от 28 мая 2015 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О драгоценных металлах и драгоценных камнях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111164); 11.10.2012 [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/69#diff=1180774..1180775>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-58/edition/1180771/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 4-статья (05.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар үчүн мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырат;

- зергердик жана баалуу металлдардан башка тиричилик буюмдарын сыноонун жана эн белги салуунун тартибин аныктайт.

Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тууралуу жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Мамлекеттик монополия баалуу металлдардын уютмаларына, баалуу металлдар менен асыл таштардын казыналары, археологиялык табылгалар менен байланыштуу операцияларга жайылтылат.

3. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча ыйгарым укук берилген банктардын иш аракети ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынат.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2015-жылдын 28-майындагы № 121 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/69/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/69/st-5)
